<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><hymn_number>263</hymn_number>
<lyrics>[V1]
.        A        F#m
 Ишенип келем, Теңирим Ыйса,
.      D              E
 Сенин сүйүүңө жаным тартылды,
.       A            F#m
 Бөлүшө алган кайгы, муң, зарды,
.  D               E
 Өзүнө алган жараларымды.

[C1]
.     A           F#m
   Ишенем Сага, ишенем Сага,
.        D            E
   Сенин колдоруң сунулган мага.
.     A            F#m
   Ишенем Сага, ишенем Сага,
.        D            E     A
   Сенин колдоруң сунулган мага.

[V2]
 Ишенип келем, сураганымда,
 Сен жооп бересиң бардык убакта.
 Жүрөк сыздаткан азап-кайгыда
 Сооротосуң Сен назик үн менен.

[C2]
   Ишенем Сага, ишенем Сага,
   Күчтүү колдоруң күч берет мага.

[V3]
 Ишенип келем кайгырганымда,
 Өмүрүмдөгү кыйынчылыкта.
 Деңиздин долу толкуну урса,
 Үмүт үзбөймүн, таянып Сага.

[C3]
   Ишенем Сага, ишенем Сага,
   Кыйышпас досум бир Өзүң, Ыйса.

[V4]
 Ишенип, келчи Теңир Ыйсага,
 Күнөөлөрүңдү алып мойнуңа.
 Кымбаттуу досум, кайрылчы Ага,
 Ал ырайымдуу, кечире алат.

[C4]
   Ишенчи Ага, ишенчи Ага,
   Кечирет сени ырайым кылып сага.

[V5]
 Ишенип, келчи сунулган колго,
 Жүзүңдү бурчу, көңүл кош болбо.
 Сен үчүн Теңир төктү Өз канын,
 Баалабай койбо сүйүүсүн Анын.

[C5]
   Ишенгин Ага, ишенгин Ага,
   Тапшыр жүрөктү, жашооңду Ага.</lyrics>
<title>Ишенип келем, Теңирим Ыйса РЫЖ263</title>
<key>A</key>
</song>